ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаарга таштандылар үчүн жаңы үлгүдөгү үкөкчөлөр коюлууда

Бишкек шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасы шаар боюнча таштандылар үчүн жаңы үкөкчөлөрдү коюну улантууда. Бүгүнкү күнү жаңы үлгүдөгү 595 үкөкчөлөр  орнотулду.

 

Үкөкчөлөр шаардын борбордук көчөлөрүнө коюлууда. Мындан тышкары, шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарына ылайык ар бир чарба субъектисинин алдына эки үкөкчө орнотулушу талап кылынат.
 
Таштандыларды жыйуу үкөкчөлөрү мэриянын “Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан даярдалат.
 
“Тазалык” муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары П.Клименконун билдирүүсү боюнча август айынын ичинде баш калаага жаңы үлгүдөгү 1000 үкөкчө орнотулмакчы.