ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаанын муниципалдык аймактык башкаруу органдарынын үч жетекчиси талапка жооп бербеген иштери үчүн кызматтарынан бошотулду

Шаарды көрктөндүрүү жана тазалыкта кармоо иштери шаар башчысынын жеке көзөмөлүнө алынган.

 

Аталган маселелер боюнча кеңешмени жыйынтыктоо менен, шаар башчысы Иса Өмүркулов, “шаардын тазалыгын камсыз кылуу маселеси курч бойдон калууда. “Жашылдандыруу курулуш”, “Тазалык” муниципалдык ишканаларынын иштеринин жыйынтыгы менен шаар тургундары бүтүндөй мэриянын ишин баалашат”,-деди.

 

Баш калаанын мэри  муниципалдык аймактык башкаруу органдарынын жетекчилерине өздөрүнө тиешелүү аймактарды тартипке келтирип, тазалоо иштерин аткарууга эки жумалык мөөнөт берди.