ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри И.Өмүркулов шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо маселелери боюнча кеңешме өткөрдү

Баш калаанын райондорунун администрация башчылары, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, муниципалдык аймактык башкаруу органдарынын жетекчилери катышкан бул кеңешмеде шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо маселеси каралды.

 

Шаардын санитардык абалын текшерүү боюнча жүргүзүлгөн рейддердин жыйынтыгы менен Биринчи Май районунун №15-, Свердлов районунун №18- жана №21- муниципалдык аймактык башкарууларында көрктөндүрүү иштерине жана тиешелүү аймактардын санитардык абалына кош көңүлдүүлүк менен мамиле кылынып, иш жүргүзүлбөстүгү белгиленди.
 
Кеңешменин жыйынтыгы менен №№15,18,21- муниципалдык аймактык башкарууларынын жетекчилери кызматтарынан бошотулду, Сведлов районунун “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынын агрономуна жана райондун “Тазалык” муниципалдык ишканасынын ага мастерине сөгүш жарыяланды.