ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы кезектеги санитардык рейддин жыйынтыктарын маалымдайт

Жакында Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы баш калаанын санитардык абалы боюнча кезектеги рейдди өткөрдү.

 

Рейддин жүрүшүндө шаардын Скрябин көчөсү, 45 дарегинде жайгашкан унаа токтотмонун айланасында кургак тиричилик таштандылары өрттөлөрү аныкталды. Ошондой эле таштандылар ишкананын айланасына баш аламандыкта жыйналып, санитардык ченемдердин жана шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин талаптары сакталбайт.
 
СЭИ кызматы тарабынан унаа токтотмонун ээси Бектурсунов Нургазынын атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 489-беренесине ылайык протокол толтурулуп, чара колдонуу максатында Октябрь райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.