ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Алыкулов көчөсүндө жолчулар түнкүсүн да иштешүүдө

Баш калаанын Алыкулов көчөсүнүн Ден-Сяопин проспектинен темир жол өтмөгүнө чейинки бөлүгүндө жол куруу иштери кызуу жүргүзүлүүдө.

 

Аталган тилкеде жол жаңыланып, кайрадан курулмакчы. Курулушчулардын айтуусу боюнча, жолго жакын курулган эски имараттарды бузуу, тазалоо иштери кошо жүргүзүлүп жаткандыктан кыйынчылыктар жаралууда. Жол курулушунун жүрүшүндө эски кирпич заводунун таштандыларын тазалоого туура келүүдө. Тазалоо иштеринин жыйынтыгы боюнча 40 миң тонна таштандылар чыгарылган.

 

Азыркы учурда жол кыртышын даярдоо иштери жүргүзүлүп, ага 2 эксковатор, 2 таптоочу, грейдер, бульдозер жана Howo маркасындагы 10 автоунаа чегерилген.
 
Аталган жолдун узундугу 1,4 км, туурасы 16 метрди түзөт. Жолдо кыймыл эки тараптуу жана төрт катарлуу болмокчу.
 
Жолдун бул бөлүгүнө, жүк ташуучу оор унаалардын кыймылына ыңгайлаштырылып, үч катмарлуу асфальт-бетон кошулмасы жаткырылат.
 
Жол шаардын түштүк жана түндүк бөлүктөрүн байланыштыруу менен жүргүнчүлөргө, унаа кыймылына оңтойлуу шарттарды түзмөкчү.
 
Жаңы жолдун курулушу Түркия насыясынын алкагында жүргүзүлүүдө.