ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада жол оңдоо иштери үч сменада жүргүзүлүүдө

Гагарин көчөсүнүн Псковская көчөсүнөн Чапаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө асфальттын биринчи катмарын төшөө иштери жүргүзүлүүдө.

 
Жол бөлүгүнүн жалпы узундугу 700 метрди, туурасы 15 метрди түзүп, дагы 4 метрге кеңейтилүүдө. Жол оңдоо боюнча курулуш бригадалары үч сменада иштөөдө. Ишке “Моржолкурулуш” ЖЧКнан 30 курулушчу тартылган.
 
Долбоор боюнча Гагарин көчөсүндөгү жолго эки катмарлуу асфальт төшөлөт, ошону менен бирге сугаруу тармагын, тротуарларды, тосмолорду куруу жана  тышкы жарыктандыруу боюнча иштер жүргүзүлөт. Жол куруу иштерин ушул жуманын аягында аяктоо белгиленген.

Гагарин көчөсүндөгү жолду реконструкциялоо этаптуу жүргүзүлүп, беш тилкеге бөлүнгөн. Азыркы учурда жолдун Манас көчөсүнөн Чапаев көчөсүнө жана Т.Фрунзе көчөсүнөн Муромская көчөсүнө чейинки бөлүктөрү реконструкцияланып, жол кыймылы ачылды. Ал эми Термечиков көчөсүнөн Бах көчөсүнө чейинки бөлүктө жолду оңдоого даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Август айында Гагарин көчөсүнүн Бах көчөсүнөн Некрасов көчөсүнө чейинки бөлүгүн реконструкциялоо белгиленген.

Гагарин көчөсүнүн жалпы узундугу 4,2 км. түзөт. Жолду рекострукциялоо Түркия насыясынын алкагында жүргүзүлүүдө.