ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы кезектеги санитардык рейддин жыйынтыгын маалымдайт

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери шаардын тазалыгы боюнча кезектеги санитардык рейд өткөрүштү.

 
Рейддин жүрүшүндө 7-кичирайондун Б.Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан унаа токтотуучу жайдын айланасында санитардык ченемдердин жана шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин сакталбастыгы аныкталды. Кургак тиричилик таштандылары баш аламандыкта жыйылып, жөнөкөй санитардык тазалык сакталбайт.
 
Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери тарабынан унаа токтотмонун ээси Эркинбек уулу Искендердин атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 489-беренесине ылайык протокол толтурулуп, чара колдонуу максатында Октябрь райондук административдик комиссиясына жиберилди.