ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ кызматкерлери “ЭР ЭЛ ЛТД” ЖЧКнын курулуш объектисинин айланасындагы санитардык жана шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушун аныкташты

Кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө СЭИ кызматкерлери “ЭР ЭЛ ЛТД” Жоопкерчилиги чектелген коомунун курулуш объектисинин айланасындагы санитардык жана шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушун аныкташты.

 

Фрунзе көчөсү, 555 дарегинде жайгашкан бул  курулуш объектисинин айланасы антисанитардык абалда кармалып, курулуш таштандылары баш аламандыкта жыйналат жана Фрунзе көчөсүн булгайт.
 
Рейддин жыйынтыгы менен “ЭР ЭЛ ЛТД” ЖЧКнын башкы директорунун атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинин 488-беренеси боюнча протокол толтурулуп, чара колдонуу максатында Ленин райондук административдик комиссиясына жөнөтүлдү.