ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жеке турак-жай куруу департаменти Ататүрк паркында Малдыбаев көчөсү боюнча мыйзамсыз курулган үйдү аныктады

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти Ататүрк паркында Малдыбаев көчөсү боюнча № 20-жер тилкесинде мыйзамсыз курулган үйдү аныктады. Үйдүн курулушу Департаменттин уруксатысыз башталган.

 

Бул факт боюнча Департамент кызматкерлери тарабынан жер тилкесинин ээси А.Жабыевага курулушту токтотуу жөнүндө жазуу түрүндөгү эскертүү берилген.
 
Эскертүүдөгү белгиленген талаптар аткарылбагандыгына байланыштуу административдик чара колдонуу жөнүндө протокол толтурулган.
А.Жабыевага административдик чара катары он миң сом айып тартылып, мыйзамсыз курулушту бузуу милдеттендирилген. Бирок, А.Жабыева тарабынан белглинген милдеттенмелер аткарылбай келүүдө.
 
Аталган жер тилкеси боюнча Бишкек шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлерине карата Бишкек шаардык прокуратурасынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексинин 304-беренесинин 3-п, 315-беренесинин 2-бөлүмү боюнча № 151-13-37 кылмыш иши козголду.