ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын 2013-жылдын 8-июлдагы “2012/2013-жылдагы жылытуу мезгилинин аякташы жана 2013/2014-жылы жылытуу мезгилине даярдыктарды көрүү жөнүндө” токтому

Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиясынын 2013-жылдын 8-июлдагы “2012/2013-жылдагы жылытуу мезгилинин аякташы жана 2013/2014-жылы жылытуу мезгилине даярдыктарды көрүү жөнүндө” токтомуна ылайык:

 

-          “Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасы 2013-жылдын 20-сентябрына чейин баардык жылуулук булактарын алдыдагы кыш мезгилине даярдап, керектүү отундун көлөмүн камсыз кылсын;
 
-          Жылытуу мезгилинин башталышына чейин “Ротор” жана “КЭЧ-2” обьектилерин кургак отунга өтүүсүн жана шлактарды чыгаруу жолдорун иштеп чыксын;
 
-          “Түндүкэлектро” ААК 2013-жылдын 15-ноябрына чейин кошумча трансформатордук подстанцияларды орнотууну, кабель чубалгыларын алмаштырууну камсыз кылсын жана электр жарыгынын өчүрүлүшүн азайтуу чараларын көрсүн;
 
-           Бишкек шаарынын ЖЭБ иш планга ылайык электрстанциянын жабдууларын оңдоп калыбына келтирүү менен  алдыдагы жылытуу мезгилине даярдасын;
 
-          “Тазалык” муниципалдык ишканасы кар тазалоочу жана кум чачуучу техникалык каражаттардын 15-25 бирдигин сатып алуу маселесин иштеп чыксын. Техникалык каражаттарды даярдап, инерттик материалдарды даярдоону өз убагында жүргүзсүн.