ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы кезектеги санитардык рейддин жыйынтыктарын маалымдайт

Үстүбүздөгү жылдын 24-июлунда Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы Свердлов району боюнча кезектеги санитардык рейдди өткөрдү.

 
Рейддин жүрүшүндө Фрунзе көчөсү, 300 дареги боюнча жайгашкан “Бакча Куту”, Куйбышев көчөсү, 93 дарегинде жайгашкан “Жеңиш аянты” турак-жай ээлеринин шериктештигинин аймагы санитардык ченемдердин жана шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарына жооп бербестиги аныкталды.
 
Аталган турак-жай ээлеринин шериктештиктеринин айланасында кургак тиричилик таштандылары баш аламандыкта ташталат, газондорду сугаруу, чөптөрдү чабып, тегиздөө иштери жүргүзүлбөйт, үйлөрдүн алдына таштандыларды таштоочу үкөкчөлөр коюлган эмес.
 
Рейддин жыйынтыгы менен “Бакча Куту” ТЭШнин төрайымы Воросуова А.А. жана “Жеңиш аянты” ТЭШнин төрайымы Маширова Г. атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488-беренесинин негизинде протоколдор толтурулуп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.