ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Чыгыш 5” кичи районундагы №6/3-үйдүн короосундагы балдардын спорт аянтчасы эң таза деп табылды

Бишкек шаарынын Свердлов районунда балдардын спорт аянтчаларын текшерүү боюнча рейд өткөрүлдү. Рейдге шаардык спорт комитетинин жана санэпидемиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери катышты.

 

Рейддин жүрүшүндө “Чыгыш 5” кичи районундагы №6/3-үйдүн короосундагы балдардын спорт аянтчасы эң таза деп табылды.
 
Свердлов районунда жалпысынан 238 балдардын спорт аянтчалары бар.
 
Текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү талаптарга жооп бербеген спорт аянтчалары да аныкталды.
Рейддин жыйынтыгы боюнча текшерилген 11 балдардын спорт аянтчаларынын алтоосу гана санэпидемиялык көзөмөлдөө органдарынын талаптарына жооп берерлиги белгиленди.