ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн адистештирилген спорт мектебинин директору Марс Акеров эл аралык категориядагы калыстыкка (international referee) сынактан ийгиликтүү өттү

2013-жылдын 1-июлунан 5-июлуна чейин өткөн Африканын чемпионатында 19 калыс international referee категориясына сынак тапшырышты. Калыстардын аталган категориясы дүйнө биринчилигин жана Олимпиадалык оюндарды тейлөөгө укук берет.

 

Кыргызстандык Марс Акеров мелдештин мыкты калысы деп табылуу менен бирге сынакты ийгиликтүү тапшырды.
 
Мурда Кыргызстанда Иван Райский international referee категориясындагы жалгыз калыс болгон.
 
Республикада эл аралык мелдештерди тейлеген эл аралык категориядагы алты калыс бар.