ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Дзю-до боюнча эл аралык мелдеште бишкектик Юрий Краковецкий коло байгеге ээ болду

Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси, Олимпиада оюндарынын катышуучусу Юрий Краковецкий, 20-21-июлда Москва шаарында өткөн  дзю-до боюнча эл аралык мелдеште коло байгеге ээ болду.

 
Оор салмактык категориядагы (100 кг жогору) Ю.Краковецкий төрт беттешүү өткөрдү.
 
 
Мелдештин баштапкы этабында жердешибиз монголиялык балбан Дууренбаяр Илзебаяр менен кармашып ийгиликке жетишсе, андан соң япониялык Рюта Иши менен кармашта утулууга дуушар болду, бирок алдыда жубатуучу кармаштар бар эле.
 
 Биринчи жубатуучу кармашта Ю.Краковецкий венгер Барна Бобаны утуп, коло байге үчүн болгон кармашта грузиялык Левани Матиашвилини жеңип чыкты.
 
Эл аралык мелдеш Москва шаарында өтүп, ага дүйнөнүн 40 өлкөсүнөн 301 балбан катышты.