ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Тазалык” муниципалдык ишканасы “Жаштык” сейил багынан 108 куб таштандыларды чыгарды

Бишкек шаарынын жана шаар тургундарынын демилгеси менен 19-июлдан 24-июлга чейин шаар ичин тазалоо иштери уюштурулган.

Бүгүнкү күнү “Тазалык” муниципалдык ишканасы тарабынан 108 куб таштандылар чыгарылды.
 
“Жаштык” сейил багында “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасы тарабынан бактарды санитардык бутоо иштери жүргүзүлүүдө. 23-июлга карата 103 дарак буталды жана 1640 даана бей тартипте өскөн жыгачтар кыркылып, тазаланды.
 
“Жаштык” сейил багынын бир тарабы Ала-Арча суусу, экинчи тарабы Жогорку чоң Чүй каналынан насос аркылуу сугарылат.
Шаар мэриясы мындан ары да сейил бакты көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин улантмакчы.
 
Кошумча маалымат:
“Жаштык” сейил багы 1957-жылы негизделген. Жалпы аянты 26 га түзөт. Анын ичинен газондор 12,5 га, бакка караган үч көлдүн аянты 12,4 га түзөт.
 
“Жаштык” сейил багына жалпысынан 3300 түп ар түрлүү бактар отургузулган.
 
“Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканасынын карамагына алты сейил бактары кирет, алар: “Жаштык”, Ата Түрк, Жеңиш, “Кара жыгач багы”, Жаңгак багы”, Фучик атындагы сейил бак.