ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаа мэриясы жакында үч балалуу болгон үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөттү

Бүгүн үч балалуу болгон Назира Камилова Бишкек шаарынын мэриясынан 58 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам алды. Акча каражатын жана белектерди шаардын Свердлов райондук администрациясынын башчысынын орун басары Чынара Борбашева тапшырды.

 

“Н.Камилованын улуу үч баласын балдар бакчасына орноштуруу маселесин чечебиз. Көп балалуу бул үй-бүлө Свердлов райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын каттосуна алынат”,- деди Ч.Борбашева.
 
Үч бала төрөлгөн үй-бүлөгө материалдык жардам Бишкек шаардык Кеңешинин “Колдоого муктаж үй-бүлөлөргө жана жарандарга жардам көрсөтүү жөнүндө” токтомуна ылайык берилди.
 
Бишкек шаарынын 1979-жылы туулган тургуну Назира Камилова 5-июлда шаардык №1-төрөт үйүндө үч кыз төрөгөн.
 
Кыздар кош бойлуулуктун 37-жумасында төрөлүшкөн. Эгиздер бою, салмагы боюнча бирдей: 1,990 кг жана 46 см, 1,940 кг жана 43 см, 1,960 кг жана 45 см. Эгиз кыздардын аттары Аяна, Диана жана Раяна.
 
Үстүбүздөгү жылдын башынан бери, шаар боюнча төртүнчү жолу үчтөн эгиздер төрөлдү.