ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ кызматкерлери «Данияр» ТТСнин айланасында санитардык талаптардын бузулушун аныкташты

Кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө, СЭИ кызматкерлери Дэн Сяопин проспекти, 465 дарегинде жайгашкан «Данияр» ТТСнин айланасында санитардык талаптардын бузулушун аныкташты.

 

Аталган ТТСтин айланасында таштандылар баш аламандыкта ташталып, сугаруу арыктары таштандыларга толтурулган.
 
Рейддин жыйынтыгы боюнча “Данияр” ТТСнин ижарачысынын атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488-беренеси боюнча протокол түзүлүп, чара колдонуу максатында Биринчи Май райондук административдик комиссиясына жиберилди.