ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада Салиева көчөсүнүн Курманжан Датка көчөсүнөн Пархоменко көчөсүнө чейинки жолдун оңдолгон бөлүгү ачылды

Бүгүн Бишкекте Салиева көчөсүнүн Курманжан Датка көчөсүнөн Пархоменко көчөсүнө чейинки жолдун оңдолгон бөлүгү ачылды. Жолдун ачылышына шаар башчысы Иса Өмүркулов катышты.

 

“Жол сапаттуу оңдоодон өткөрүлдү деп эсептейм. Асфальт бетонго төшөлдү. Биздин максатыбыз жолду сапаттуу оңдоо эле. Мындай жол шаарыбыздагы алгачкы жолдордон болуп саналат. Салиева көчөсүндөгү кыймыл Жибек Жолу проспекти менен Алма-Ата көчөсүндөгү кыймылды жеңилдетет”,- деди шаар башчысы.
 
Салиева көчөсүнүн Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки узундугу 1,5 км түзөт.
 
Салиева көчөсүнүн Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейинки жолду реконструкциялоо долбоору 2011-жылы  ЖЧК «RAM инженеринг» фирмасы тарабынан иштелип чыгып, мамлекеттик экспертизаны КР Мамкурулушунда өткөн.
 
Салиева көчөсүнүн Курманжан Датка көчөсүнөн Пархоменко көчөсүнө чейинки жолду оңдоо эксперименти Кыргыз Республикасындагы JICA  адистеринин көзөмөлүндө өткөрүлдү.
 
Эксперимент  алгачкы жолу жүргүзүлүп жаткандыктан аталган жалдун бөлүгү үч айга чейин жабылган.
 
Жолдун калган, Пархоменко көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин 700 м аралыктагы бөлүгүндө оңдоо иштери ЖЧК  «RAM инженеринг» фирмасы тарабынан мурда бекитилген долбоор боюнча жүргүзүлөт. Бул жолго да асфальт бетон үстүнө төшөлөт. Тендер 2013-жылдын 25-июлунда өткөрүлөт.