ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

8-июлдан 15-июлга чейинки убакытта 16 кичи автобус иштен четтетилди

Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кичи автобустардын техникалык, санитардык абалын жана айдоочулардын жүргүнчүлөрдү тейлөө маданиятын жакшыртуу боюнча үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлүп турат.

 

Үстүбүздөгү жылдын 8-июлунан 15-июлуна чейинки убакытта техникалык жана санитардык талаптарга жооп бербеген 16 кичи автобус иштен четтетилди.
 
Алар төмөнкү ишканаларга тиешелүү кичи автобустар:
 
 «Лига»  ЖЧК (№№139,179,200,176,133);  «Дордой Бис»  ЖЧК (№224);  «Ардар и Ко» ЖЧК (№219);   «Акжолтой» ЖЧК (№№147,163,161).
 
Жумуштан четтетилген кичи автобустар ички жана тышкы оңдоолорго муктаж.