Кезектеги рейддин жүрүшүндө шаарда мыйзамсыз орнотулган жана эскирген тышкы жарнамалардын 41 бирдиги алынып салынды
- Подробности
- Опубликовано 16.07.2013 12:20
Бишкек шаарынын мэриясынын Жарнама департаменти “Тазалык” муниципалдык ишканасы, мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү жана райондук администрациялар менен биргеликте өткөргөн кезектеги рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган жана эскирген тышкы жарнамалардын 41 бирдиги алынып салынды.
Рейд Фучик, Киев көчөлөрүндө, Жибек Жолу, Чүй проспектлеринде өткөрүлдү.
Рейддин жыйынтыгы менен 11 штендер, 14 керме, 12 панно, 4 тактачалар алынып салынды.
Рейддер Бишкек шаарынын мэриясынын 04.08.2008-жылдагы “Шаардын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу чаралары жөнүндө” №342- токтомунун жана шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин негизинде өткөрүлөт.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
29.11.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |