ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада Түштүк Чоң Чүй каналын тазалоо иштери башталды

Бүгүн таң эрте шаардын 5-6-кичи райондорунун аймагында жайгашкан Түштүк Чоң Чүй каналын тазалоо иштери башталды.

 

Каналды тазалоо иштери таңкы саат 6-00до башталып, “Тазалык”, “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык ишканалары ишке кызуу киришти. “Жашылдандыруу курулуш” муниципалдык курулуш ишканасы каналдын ичи тышындагы чөптөрдү тазалап, жээгиндеги бак дарактарды бутап жатат. Көпүрөгө жаңы үлгүдөгү таштандыларды таштоочу 4 үкөкчө коюлду.
 
Жалпысынан канал 3,5 км аралыкта тазаланып, 300-800 куб таштандыларды чыгаруу белгиленүүдө.
 
“Каналдын мындай абалын чыдап карап турууга мүмкүн эмес. Мындан мурда Ала-Арча суусунун агымы боюнча Чоң Чүй каналын 3,0 км аралыкта тазалаган элек, ага карабастан шаардыктар каналды булгоону улантышууда. Жергиликтүү бюджеттен каналдарды тазалоо үчүн 300 миң сом каражат бөлүндү”,- деди шаар башчысы Иса Өмүркулов.