ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ кезектеги рейддин жүрүшүндө “Чыгыш-5” кичирайонунда жайгашкан “Восконт” кооперативи тарабынан шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушун аныктады

СЭИ кызматкерлери кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө Восконт” кооперативи тарабынан шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин бузулушун аныктады.

 

“Чыгыш-5” кичирайонундагы №11, №12-үйлөрдүн жана “Восконт” кооперативинин айланасы тазалыкта кармалбастан, санитардык ченемдердин талаптары аткарылбайт.
 
Аталган үйлөрдүн айланасына кургак тирилик таштандылары баш аламандыкта жыйналып, сугаруу тармактары толтурулгандыктан суунун өтүшү мүмкүн болбой калган. Мындан тышкары, таштанды челектери орнотулбаган, үйлөрдүн кире бериштерин суу каптап турат.
 
Рейддин жыйынтыгы менен “Восконт” кооперативинин төрагасынын атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488, 489-беренелеринин негизинде протокол толтурулуп, чара колдонуу максатында Свердлов райондук административдик комиссиясына жөнөтүлдү.