ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

14-июлдан баштап №8- троллейбус маршруту токтотулуп, №9-троллейбус маршруту кыскартылган схемада иштей баштайт

Бишкек троллейбустук башкармалыгы, жол оңдоо иштерининин жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу №8-троллейбус маршрутунун токтотуларын билдирет.

 

Ал эми №9-троллейбус маршруту кыскартылган схемада иштей баштайт. “Земледелие институту” аялдамасынан “№2-төрөт үйү” аялдамасына чейинки аралыкта жүргүнчүлөрдү троллейбуска киргизүү жана чыгаруу жүргүзүлбөйт. Маршруттун иштөө тартиби Бишкек шаарынын мэриясынын расмий сайтына жайгаштырылды.
 
Жолдорду оңдоо иштери болжол менен бир айга чейин улантылат. Маршруттун иштөөсү боюнча кошумча маалыматтар берилип турмакчы.
 
Бишкек троллейбустук башкармалыгы жүргүнчүлөрдөн келтирилген оңтойсуздуктар үчүн кечирим сурайт.