ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардын Кривоносов көчөсүндө мыйзамсыз курулган эки короо бузулду

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаменти тарабынан Кривоносов көчөсүндөгү №192- жана №196-үйлөрдүн мыйзамсыз курулган короолору бузулду.

 

Муромская көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки аралыкта Чоротегин көчөсү боюнча айрым тургундар жер тилкелерин мыйзамсыз кеңейтишип алышкандыгын   департаменттен билдиришти. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзамсыз куруу ээлерине жазуу түрүндөгү эскертүүлөр берилди.
 
Мыйзамсыз курууларды бузуу Бишкек шаарынын мэриясынын 10.12.2012-жылдагы “Бишкек шаарында жол куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоодон өткөрүү жөнүндө” №163-буйругунун негизинде жүргүзүлөт.