ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясында шаардык мектептердин абалы боюнча шашылыш кеңешме өткөрүлдү

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри шаардык мектептердин абалы боюнча шашылыш кеңешме өткөрдү.

 

9-июлда шаар башчысы шаардык №25 жана №44-орто мектептердин абалы менен таанышып чыккан.
 
№25-орто мектептин имараты эскилигине байланыштуу жараксыз абалга келген, ал эми №44- орто мектептин имаратынын бир блогу ошондой эле абалда.
 
Шаар башчысы мектеп имараттары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, аларды мындан ары пайдалануу боюнча жыйынтык чыгаруу тапшырмасын берди.
 
Кеңешменин жүрүшүндө мектеп айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлбөстөн кароосуз калгандыгы белгиленди. “ Мындай көрүнүш ар бир мектепке тиешелүү. Чарбачылык менен мамиле кылуу жок. Өз ишине мындай мамиле кылган адамдарды жумуштан бошотуу зарыл”,- дейт Иса Өмүркулов.
 
Жакынкы арада мектеп имараттарынын абалын изилдөө боюнча эксперттик комиссия түзүлүп, имараттардын техникалык абалы жөнүндө кортундусун берет. “Мен №25-орто мектептин имаратын бузуп, ордуна жаңы имарат салынышын колдойм”,- деп кошумчалады шаар башчысы.
Иса Өмүркулов, баардык мектептин жетекчилери август айынын аягына чейин мектептин айланасын көрктөндүрүп, тартипке келтиришин талап кылды жана жеке өзү текшерип чыгып, коюлган талап аткарылбаса, тиешелүү жетекчилерди иштен бошоторун белгиледи.