ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада мыйзамсыз орнотулган жана эскирген тышкы жарнамалардын 38 бирдиги алынып салынды

Бишкек шаарынын мэриясынын Жарнама департаменти “Тазалык” муниципалдык ишканасы, мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү жана Октябрь райондук ИИБ менен биргеликте өткөргөн кезектеги рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз орнотулган жана эскирген тышкы жарнамалардын 38 бирдиги алынып салынды.

 

Рейд Ахунбаев, Шабдан Баатыр, Абдрахманов көчөлөрү жана Жибек Жолу проспектилери боюнча өткөрүлдү.
 
Рейддин жыйынтыгында 12 штендер, 12 керме, 5 панно, 4 кронштейн, 4 тактайча алынып салынды.
 
Рейддер Бишкек шаарынын мэриясынын 04.08.2008-жылдагы “Баш калаанын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу чаралары жөнүндө” №342- токтомунун негизинде жүргүзүлөт.