ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын №25-орто мектебинин имараты пайдаланууга жараксыз, ал эми окуу №44-орто мектептин бир блогунда гана жүргүзүлөт

Шаардык №25-орто мектептин имаратын оңдоо иштери боюнча оор кырдаал түзүлүүдө.

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов №25- жана №44- орто мектептердин абалы менен таанышып чыкты.
 
“Акыркы жылдары мектептер шаардын жаңы конуштарында гана курулуп келүүдө. Шаар ичинде бир дагы жаңы мектеп курулган жок. Ал эми №25-мектептин имаратынын ордуна жаңы мектеп салуу керек. Балдардын өмүрүн тобокелге салууга болбойт. Азыркы учурда республикалык бюджеттен капиталдык салымдарга суралган 200 млн. сомдун ордуна 34 млн. сом бөлүнгөн.Эгерде каржылоо өзгөрүүсүз калса, анда имаратты оңдоого туура келет.
 
Бүгүнкү күндө Бишкек шаары боюнча 170 миң мектеп окуучусу бар. Ички миграциянын эсебинен окуучулардын саны жыл сайын 3 000 окуучуга чейин көбөйүүдө. Жетишпеген окуучулук орундар 35 миң орунду түзөт. Мектептерде окутуу 2-3 сменада жүргүзүлөт. Ошондон улам билим сапатында да көйгөйлөр түзүлүүдө”,- деди шаар башчысы.
 
Аталган маселе боюнча 10-июлда тиешелүү мекемелердин катышуусу менен кеңейтилген кеңешме өткөрүлүп, №25-орто мектептин маселеси каралмакчы.
 
Азыркы учурда мектеп имаратын калыбына келтирүү жана оңдоо иштерин аткармайынча пайдаланууга тыюу салынды.