ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов Япониянын Кыргыз Республикасындагы Толук Ыйгарымдуу Элчиси Такаюки Коикэ мырза менен жолугушту

Шаар башчысы муниципалдык долбоорлорду  Бишкек шаарында ишке ашырууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн элчи мырзага ыраазылык билдирди.

 
Япония Элчилиги колдоого алган “Өсүмдүк тамырлары жана адамзат коопсуздугу” программасынын алкагында баш калаанын адистештирилген жана билим берүүнүн  көмөкчү мекемелеринде билим берүү шарттарын жакшыртуу багытына 114, 198 АКШ доллары бөлүнөрү белгиленгендигин эске салабыз. Мындан тышкары, шаарда жөө жүрүүчүлөрдүн коопсуздук  шарттарын жакшыртууну камсыз кылуу боюнча гранттык программанын экинчи долбоорун ишке ашыруу белгиленүүдө.
 
Шаар башчысы, транспорт долбоорлорунун алкагында шаардык транспорттун ишин өнүктүрүү боюнча сунуштарды изилдөөгө кызыкдар экендигин белгиледи.
 
Тараптар JICA багыты боюнча жол куруу, оңдоо үчүн атайын техникалык каражаттарды жана жабдууларды 9 млн. 700 миң АКШ долларына сатып алуу маселесин талкуулашты.
 
Жолугушуунун аягында, мындан ары да биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну күчөтүү өз ара макулдашылды.