ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жыл башынан бери Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан 3 миңден ашуун чарба субъектлери текшерүүдөн өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан 3141 чарба субъекти текшерүүдөн өткөрүлдү жана 2456 жазма эскертүүлөр берилди. Анын ичинен, кургак тирилик таштандыларын чыгаруу келишимдерин түзүү боюнча – 790, баш аламандыкта жыйылган таштандыларды жок кылуу боюнча – 95, шаарды көрктөндүрүү эрежелеринин талаптары боюнча – 1390.

 

СЭИ тарабынан баш калаанын санитардык абалын жакшыртуу, кургак тирилик таштандыларын чыгаруу келишимдерин түзүү боюнча жеке адамдар, юридикалык тараптар жана мекеме-ишканалар менен үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлөт.
 
Июнь айында үзгүлтүксүз жүргүзүлгөн рейддердин натыйжасында, баш аламандыкта жыйылган кургак тирилик жана курулуш таштандыларынын  12 очогу аныкталды жана тиешелүү чаралар көрүлүп, жок кылынды.
 
Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында СЭИ тарабынан 861 протокол түзүлүп, 425 арыздар менен кайрылуулар каралып чыкты. Алардын негизинде райондук административдик комиссиялар тарабынан шаарды көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарга 637,2 миң сом өлчөмүндөгү айыптар тартылды.