ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте 1-июлдан 5-июлга чейин 9 кичи автобус иштен четтетилди

Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы тарабынан калкты тейлеген кичи автобустардын техникалык, санитардык абалы жана айдоочулардын жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты текшерилип турат.

 

1-июлдан 5-июлга чейинки убакытта техникалык, санитардык талаптарга жооп бербеген 9 кичи автобус иштен четтетилди.
Алар төмөнкү мекемелерге тиешелүү кичи автобустар:
 
«Уланбек-Транс» ЖЧК (№257);  «Совет Бригады» ЖЧК (№192); «Ардар жана Ко» ЖЧК (№219);  «Трансгрупп Коммникейшн» ЖЧК (№136);  «Акжолтой» ААК (№№127,114,128).
 
Иштен четтетилген кичи автобустардын ичин жана тышын оңдоо иштери талап кылынат.