ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаарды көрктөндүрүү боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри Олег Попиков жалпыга маалымдоо каражаттары менен тыгыз байланышта иштөөнү белгилөөдө

Шаарды көрктөндүрүү боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри Олег Попиков, бүгүнкү өткөрүлгөн маалымат жыйынында жалпыга маалымдоо каражаттары менен тыгыз байланышта иштөөнү белгилээрин билдирди. Ал, шаардык кызматтардын аткарган иштерин натыйжалуу көзөмөлдөөчү каражат – бул ЖМК деп белгиледи.

 

“Бишкек шаарынын тургундары Интернет булактары боюнча муниципалдык кызматтардын ишине карата сын-пикирлерди ачык айтуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Акыркы эле эки күндүн ичинде биз өз дарегибизге 134 сын-пикирлерди жана суроолорду алдык. Анын ичинде жагымсыз пикирлер да жок эмес. Айтылган сын-пикирлердин дээрлик баардыгын туура, калыс деп эсептейм. Бирок, ишти жакшыртуу боюнча бир дагы сунуш келип түшкөн жок. Азыркы учурда 134 кайрылуунун 30% чечилди”,-деп белгиледи вице-мэр.
 
Олег Попиков вице-мэр кызматында үч жумадан бери иштеп келүүдө, мындан мурда Бишкек шаарынын Октябрь районунун акими болуп иштеген.