ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Депутаттар шаар башчысына суроо берүүнү улантууда

Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары шаар башчысына мектептер жана мектепке чейинки билим берүү мекемелери сапатсыз азык-түлүктөр менен камсыздалып жаткандыгы боюнча суроолорду беришүүдө.

 

Шаар башчысы бул багытта кемчиликтердин жана милдеттерине кыянатчылык менен мамиле кылуу фактыларынын орун алышын, аталган маселе мэриянын кароосунда тургандыгын жана аягына чыга электигин белгиледи.
И.Өмүркулов, маселе боюнча вице-мэр А.Усубакуновага, райондук билим берүү борборунун, Билим берүү башкармалыгынын жана район акимдерине  сөгүш жарыялангандыгын кошумчалады.
 
Бишкек шаарынын генералдык планын ачыкка чыгаруу боюнча: “Биз аткаруу органыбыз, тиешелүү мызамдардын чегинде гана иштейбиз. Генералдык пландын жашыруун болушуна кызыкдар эмеспиз. Жашыра турган эч нерсе жок. Мэрия генпланды ачыкка чыгаруу боюнча тиешелүү органдарга кайрылган”,- деди И.Өмүркулов.
 
Мындан тышкары, парк аймактарынан жер тилкелеринин бөлүнүшү боюнча талкуу жүрдү. 2010-жылдан бери парк аймактарынан жер тилкелери берилген эмес.