ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Иса Өмүркулов: “Бишкек парк” соода борборунун 25% акциясы менен жубайыма таандык деген маалымат жалган жана чындыкка дал келбейт”

“«24.kg» маалымат агентигинде таркатылган, Бишкек парк” соода борборунун 25% акциясы менен жубайыма таандык деген маалымат жалган жана чындыкка дал келбейт”,-деп билдирди Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов.

 

“Бул жалган маалымат, Бишкек шаардык Кеңешинин сессиясында мэриянын аткарылган иштери тууралуу мэрдин отчету угулаарда атайын таркатылган ушак. Менин жана үй-бүлөмдүн мүлкү, кирешелери жөнүндө толук маалымат декларацияда ачык көрсөтүлгөн”,- деп кошумчалады Иса Өмүркулов.
 
Эртең, 27-июнда Бишкек шаардык Кеңешинин сессиясы өтмөкчү.