Сууга түшүү мезгилинин ачылышына карата, 26-июнда шаардын райондорунун бассейндеринде иш-чаралар өткөрүлөт
- Подробности
- Опубликовано 25.06.2013 11:52
Бишкекте “сууга түшүү мезгили-2013” 26-июнда ачылат.
Ленин районунда иш-чаралар Димитров көчөсү, 2 дареги боюнча “Сельмаш” спорт комплексинде саат 15-00до өткөрүлөт.
Иш-чаранын ачылышына Ленин районунун 200гө жакын мектеп окуучулары катышмакчы. Сууга түшүү мезгилинин ачылышына Ленин районунун администрация башчысы катышат.
Балдардын чыгармачылык борбору жана спорт комитети оюн-зоок жана спорттук мелдештерди уюштурууда:
- “Таланттар, актерлор, бийчилер” музыкалык конкурсу;
- “Ден-соолуктун жайы жана биз” спорт мелдештери;
- Асфальтка сүрөт тартуу конкурсу;
- “Зарница” оюну;
- “Нептун күнү”;
- “Көңүлдүү старттар” спорт эстафетасы;
- Суу күнү (бассейнге баруу).
Свердлов районунда саат 10-00дон 13-00го чейин “Восток-5” кичи районундагы «PRADO» клубунда иш-чаралар өткөрүлүп, ага 100дөн ашык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары катышат.
Балдардын коопсуздугун медицина кызматкерлери, спортинструкторлору, мектеп алдындагы ден-соолукту чыңдоо лагерлеринин жана ИИБ кызматкерлери камсыз кылышат.
Ушул эле күнү Октябрь районунда “Асанбай” кичи районунда “Сууга түшү мезгили-2013” жалпы райондук иш-чаралары өткөрүлөт.
Иш-чаралардын алкагында, “Шайыр-балалык” балдардын чыгармачылык борбору театрлаштырылган майрамдык программасын, эстафета, конкурстарды тартуулайт.
Иш-чарага 200дөн ашык балдар катышат жана баалуу сыйлыктар тапшырылып, бал муздак таркатылат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
11.10.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |