ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Сууга түшүү мезгилинин ачылышына карата, 26-июнда шаардын райондорунун бассейндеринде иш-чаралар өткөрүлөт

Бишкекте “сууга түшүү мезгили-2013” 26-июнда ачылат.

Ленин районунда иш-чаралар Димитров көчөсү, 2 дареги боюнча “Сельмаш” спорт комплексинде саат 15-00до өткөрүлөт.
 
Иш-чаранын ачылышына Ленин районунун 200гө жакын мектеп окуучулары катышмакчы. Сууга түшүү мезгилинин ачылышына Ленин районунун администрация башчысы катышат.
 
Балдардын чыгармачылык борбору жана спорт комитети оюн-зоок жана спорттук мелдештерди уюштурууда:
-          “Таланттар, актерлор, бийчилер” музыкалык конкурсу;
-          “Ден-соолуктун жайы жана биз” спорт мелдештери;
-          Асфальтка сүрөт тартуу конкурсу;
-          “Зарница” оюну;
-          “Нептун күнү”;
-          “Көңүлдүү старттар” спорт эстафетасы;
-          Суу күнү (бассейнге баруу).
 
Свердлов районунда саат 10-00дон 13-00го чейин “Восток-5” кичи районундагы «PRADO» клубунда иш-чаралар өткөрүлүп, ага 100дөн ашык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдүн балдары катышат.
 
Балдардын коопсуздугун медицина кызматкерлери, спортинструкторлору, мектеп алдындагы ден-соолукту чыңдоо лагерлеринин жана ИИБ кызматкерлери камсыз кылышат.
 
Ушул эле күнү Октябрь районунда “Асанбай” кичи районунда “Сууга түшү мезгили-2013” жалпы райондук иш-чаралары өткөрүлөт.
 
Иш-чаралардын алкагында, “Шайыр-балалык” балдардын чыгармачылык борбору театрлаштырылган майрамдык программасын, эстафета, конкурстарды тартуулайт.
 
Иш-чарага 200дөн ашык балдар катышат жана баалуу сыйлыктар тапшырылып, бал муздак таркатылат.