ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Жаш Канат” хореографиялык ансамбли Эл аралык конкурстан жеңиш менен келди

Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият жана туризм башкармалыгынын №6- балдардын искусство мектебинин “Жаш Канат” хореографиялык ансамбли “үстүбүздөгү жылдын 14-июнунан 21-июнуна чейин Lloret de Mar Каталонияда өткөн “OPUS-2013”  IX Эл аралык конкурстан I орунду жеңип келди.

 

Балдар чыгармачылыгынын бул конкурсуна Европа, Балтия жана СНГ өлкөлөрүнөн таланттуу жаш бийчилер, ырчылар жана балдар театрлары катышты.
 
Балдар концерттик программа менен гана чектелбестен, шаардык салтанаттуу жүрүштөргө жана Lloret de Mar шаарыны концерттик аянтарында коюлган концерттерге катышты.
 
Андан тышкары, конукрстун катышуучулары Каталониянын (Барселона, Мансерат) маданий борборлору менен таанышып, Жер ортолук деңизинин жээгинде болушту.
 
Жаш конкурсанттардын өнөрүн абройлуу калыстар тобу баалашты. “Жаш Канат” ансамблине биринчи орун гана ыйгарылбастан, келерки жылы Рига шаарында өтүүчү «Rigas pavasaris 2014» Эл аралык хореографиялык конкурсуна жолдомо катары байгелүү сертификат тапшырылды.
“Жаш Канат” жайкы мезгилде ”Шаттық” Х Эл аралык фестивалына (Астана, Казахстан), II «Ұлы мұра»  Эл аралык искусство конкурсуна (Актөбе, Казахстан) катышмакчы.