ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн баш калаада 2012-2013-окуу жылын артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөрдү куттуктоо аземи өткөрүлдү

Шаардык мектептерди өзгөчө белгидеги аттестат менен 61 бүтүрүүчү аяктады. Алардын ичинде – шаардык жана республикалык олимпиадаларадын жеңүүчүлөрү, ар кандай деңгээлдеги кокурстардын лауреаттары, дипломанттары бар. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку бааларга татыктуу болгон 43 катышуучунун 34 шаардык бүтүрүүчүлөр.

 
Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов өзгөчө белгидеги аттестаттарды тапшыруу менен: “Бул документти алтын менен гана салыштырууга болот. Мен, Бишкектин “алтын келечеги” – силер менен жолугушуума кубанычтамын, мектепти зор ийгиликте аякташыңар менен куттуктайм! Бир нече жылдан кийин келечектин тизгини силердин колуңарга тиет, силер элибизди, өлкөбүздү алга сүрөп, жаңы ийгиликтерге алып келет деген терең ишенимди арттырабыз. Кыйынчылыктардын алдында өзүңөрдү жоготпогула, жаңы-жаңы бийиктиктерге умтулуп, аларды багындыргыла! Таза, ак дилиңерди улуу максаттарга арнагыла! Өлкөбүздү талантыңар менен, эмгегиңер менен даңктагыла!”,- деди шаар башчысы.
 
Бүтүрүүчүлөр үчүн майрамдык программа даярдалды.
 
Бүтүрүүчүлөрдүн шаардык кечесин жыл сайын өткөрүү салтка айланган. Быйылкы жылы шаардык мектептерди 4573 бүтүрүүчү аяктады.