ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын кароосуз калган балдарды калыптандыруу борборунун базасында жетим балдар үчүн курулуп жаткан социалдык жатакананын пайдубалына кутуча коюлду

Бишкек шаарынын мэриясынын кароосуз калган балдарды калыптандыруу борборунун базасында жетим балдар үчүн курулуп жаткан социалдык жатакананын пайдубалына кутуча коюлду. Ьул социалдык обьект – турмуштук оор кырдаалдагы балдар үчүн курулуп жаткан Кыргызстандагы биринчи үй.

 

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов, Италиянын ардактуу  консулу Джорджио Фиаккони, “Ротари клуб” Коомдук уюмунун президенти Назира Бейшеналиева катышты.
 
Өз сөзүндө шаар башчысы, жатакана келечекте уландар жана кыздар үчүн убактылуу болсо да баардык шарттары бар жатакана болот. Мектеп-интернатты, балдар борборлорун аяктаган соң жаштарга жашоо үчүн турак-жай зарыл болот, ал эми бул жерде балдарыбыз убактылуу жашап, кийин турмуштан өз ордун табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ошону менен бирге Иса Өмүркулов Норвегия Өкмөтүнө, “Ротари клуб” Коомдук уюмуна курулушту каржылоого колдоо көрсөтүшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.
 
Джорджио Фиаккони өз сөзүндө, бул курулуш - биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өз ара кызматташуунун башталышы, үйдүн курулушу аяктагандан кийин, обьект мэриянын балансына өткөрүлүп берилет деп билдирди.
 
Кошумча маалымат:
Курулуп жаткан үйдүн имаратында 26 бөлмө болот. Курулуш Норвегиянын Өкмөтүнүн жана “Ротари клуб” Коомдук уюмунун колдоосу менен жүргүзүлүүдө. Курулушка жумшалуучу каражатттын жалпы суммасы 300 миң АКШ доллары.
Бөлмөлөр 16 жаштан 23 жашка чейинки жаштарга 12 -24 айлык мөөнөткө берилет.