ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын шаарды көрктөндүрүү боюнча вице-мэринин милдетин Олег Попиков аткарат

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов мэриянын аппаратына Попиков Олег Владимировичти вице-мэрдин милдетин аткаруучу катары тааныштырды.

 

Вице-мэрдин милдетин аткаруучу Олег Попиков шаарды көрктөндүрүү жана “Көрктөндүрүү курулуш”, “Тазалык”, “Бишкексвет”, “Бишкекшаарлифт” муниципалдык ишканаларынын, Жарнама департаментинин, Бишкек шаары боюнча ӨКМ башкармалыгынын, Ритуалдык кызмат агенттигинин иштерин жетектейт.
 
Шаар башчысы О.Попиковду жаңы кызмат орду менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.
 
Кошумча маалымат: Олег Попиков мурда Октябрь райондук администрациясынын башчысы болуп иштеген.
Попиков Олег Владимирович 1962-жылдын 10-январында Бишкек шаарында туулган.
1983- ж. Горький шаарындагы жогорку зениттик ракеталык окуу жайын аяктаган
1983-1990 –ж.ж.– Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат кылган.                                                     
1999-ж. Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетинин «Радиотехникалык каражаттарды пайдалануу боюнча инженер” адистигин аяктаган.
Экинчи билими - Юриспруденция.
1990 – 1993-ж.ж.- СССР Куралдуу күчтөрүнүн Сирия, Ирак өлкөлөрү боюнча кеңешчиси.
1993-2005-ж.ж. –Кыргыз Республикасынын 97632-аскердик бөлүгүнүн зардалы.
2005 – 2007- ж.ж. –Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин башкармалыгынын башчысы.
2007 – 2009-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аба мейкиндиги боюнча коргонуу командачысы.
2004-2008-ж.ж. БШДК депутаты
2009 – 2010-ж.ж. –Афганистан, Конго өлкөлөрү боюнча кеңешчи.
2011-жылдын май айынан 2013-жылдын  июнь айына чейин Октябрь районунун администрация башчысы.