ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада 10-июндан 14-июнга чейин 20 кичи автобус жумуштан четтетилди

Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүнчүлөрдү тейлөөчү кичи автобустардын техникалык, санитардык абалы жана айдоочулардын жүргүнчүлөрдү тейлөө маданияты боюнча текшерүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.

 
Үстүбүздөгү жылдын 10-июнунан 14-июнуна чейин техникалык талаптарга жооп бербеген 20 кичи автобус иштен четтетилди.
 
Алар: «Ника-Плюс» ЖЧК (№№225,222,216); «Чыгыш Экспресси» ЖЧК (№202); «Куюн» ЖЧК (№№ 215,251,264); «Бомонд-Групп» ЖЧК (№148); «Элек» ЖЧК (№137); «Трансгрупп-Коммуникейшн» ЖЧК (№№130,135) ишканаларына тиешелүү кичи автобустар.
 
Иштен четтетилген кичи автобустардын ичи жана тышына оңдоо иштери талап кылынат.