ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаар башчысы Иса Өмүркулов тиешелүү шаардык кызматтарга жолдордо тартиптин сакталышын камсыз кылуу боюнча көрсөтмөлөрдү берди

Шаардын жолдорунда катташкан муниципалдык, жеке унаа айдоочулары тарабынан жол эрежелери сакталбайт. “Жүргүнчүлөрдү тейлеген кичи автобустар туш келген жерге токтошо берет, тейлөө маданияты өтө төмөн, аялдамаларда бир нече катарга тизилишип, жол кыймылына жолтоо кылышат. Шаардык МАИ кызматы жолдордо тартипти камсыз кылууга үлгүрбөй жатат”,- деди шаардык кеңешмеде Иса Өмүркулов. Мындан тышкары, унаалардын техникалык абалына өзгөчө көңүл буруу зарыл экендигин да белгиледи.

 
Шаар тургундарынын көптөгөн кайрылуулары боюнча жүргүнчүлөрдү тейлөөчү автобустардын жүрүү графигин сактоо боюнча рейддерди уюштуруп туруу тапшырмасы берилди.