ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Баш калаада Анкара көчөсү боюнча Шабдан Баатыр көчөсүнөн М.Ауэзов көчөсүнө чейинки аралыкта жолду реконструкциялоо иштери башталды

Анкара көчөсү боюнча Шабдан Баатыр көчөсүнөн “Алтын Ордо” кайрылышына чейинки жолду реконструкциялоо жана жол кыртышын калыбына келтирүү иштери башталды. Ошого байланыштуу, аталган аралыкта жол кыймылы убактылуу жабылууда.

 

Аткарылчы иштер түрк грантынын алкагында жүргүзүлүп, үч этаптан турат.
 
Иштин биринчи этабында жол кыртышын жаңы асфальт төшөөгө даярдоо жумуштары жүргүзүлөт.
 
Анкара көчөсүнүн Шабдан Баатыр көчөсүнөн М.Ауэзов көчөсүнө чейинки аралыгы 5 км. түзөт.  Жол оңдоо иштерине жалпысынан 236 миң сом акча каражаты жумшалат.
 
Азыркы учурда жолдун туурасы 11-12 метрди түзсө, реконструкциялоодон кийин 15-16 метрди түзмөкчү.
 
Анкара көчөсүндө жол оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу “Кара Жыгач” конушуна карай келчи жол убактылуу жабылды.