ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов СДПК фрациясынын Ош, Нарын, Талас, Каракол, Токмок, Чолпон-Ата, Кант жана Карабалта шаарларынын депутаттары менен жолугушту

Шаар башчысы депутаттарды жылуу кабыл алуу менен, мындай кеңири формадагы жолугушуу биринчи жолу болуп жаткандыгын белгиледи. Мындай жолугушуулар башкалаадагы, региондордогу көйгөлүү маселелерди талкуулап, аларды чечүү жолдору боюнча тажырыйба алмашуу өз натыйжасын берет. “Буга окшогон жолугушуулар салтка айланат деген ишеним бар. Бизде саламаттык сактоо, билим берүү, шаарды көрктөндүрүү тармактары боюнча аткарылып келе жаткан иштердин тажырыйбасы жана жаңы кадамдарыбыз бар. Калк менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, аткарылчы иштерди системдүү түрдө алып барышыбыз зарыл”,- деди Иса Өмүркулов.

 

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов кесиптештерин шаардык парламенттин түзүмү менен тааныштырды. Ал эми Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Эльвира Сариева “Креативдүү шаар” программасы менен тааныштырды.
 
Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек, Ош, Нарын, Талас, Каракол, Токмок, Чолпон-Ата, Кант жана Карабалта шаарларынын ортосунда адам укуктарын жана эркиндигин коргоо, мыйзамдуулукту сактоону жана тартипти чыңдоо, жаштар саясатын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү коргоо, саламаттык сактоону, маданиятты, спортту жана туризмди өнүктүрүү боюнча активдүү кызматташуу жөнүндө протоколго кол коюлду.
 
Мындан тышкары, укуктук-ченемдик актылар, маалыматтар, аналитикалык жана усулдук материалдар боюнча пикир, тажырыйба алмашуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.