ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Башкалаада стрит арт жана граффити сүрөт өнөрүнүн V Эларалык фестивалы өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 16-июнунда жаштардын «BASICOLORS» арт-демилгечилер тобу Бишкек шаарынын мэриясынын, Кыргызстандагы Германиянын жана Франциянын элчиликтеринин колдоосу менен стрит арт жана граффити сүрөт өнөрүнүн V Эларалык фестивалын өткөрөт. Фестивалга Германия, Франция, Кыргызстан жана Казахстан өлкөлөрүнүн сүрөтчүлөрү катышат.

 

Европа жана Азия континенттеринин төрт өлкөсүнүн сүрөтчүлөрү борбордук азиядагы эң ири граффити галереясын түзүшмөкчү.
 
Фестиваль Бишкек шаарынын Л.Толстой 3 А дарегинде жайгашкан “Кыргыз темир жолу” мекемесинде өтөт. Граффити-галереясынын ачылышы саат16-00го белгиленүүдө жана иш-чаранын ачылыш аземине шаар башчысы катышат. Фестиваль саат 10-00дон 19-00го чейин өткөрүлөт.
 
Фестивалдын программасына: Live Painting, Фейсбук үчүн фото-сессиялар ж.б. кирет.
Уюштуруучулардын билдиргенине караганда, стрит арт, граффити жана Basicolors: Europe meets Asia сүрөт өнөрү боюнча эл аралык фестиваль Кыргызстанда 2009-жылдан бери өткөрүлүп келет.
 
Фестивалдын негизги максаты – жаштардын чыгармачылыгын өркүндөтүү, алардын маданий эс алуусун уюштуруу, азыркы күндүн сүрөт искусствосун кеңири жайылтуу жана эл аралык маданий мамилелерди чыңдоо, ошондой эле өлкөнүн эл аралык аброюн көтөрүү болуп саналат.
 
Граффити сүрөт өнөрү өткөн кылымдын 80-жылдары Америкада жаралып, күн өткөн сайын бедели көтөрүлүп, бул өнөрдүн ышкыбоздорунун саны арбып келүүдө. Кыргызстандын борбору стрит арт жана граффити боюнча Эл аралык фестивалды бешинчи жолу өткөрүүдө.