ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов №148 жана №9-балдар бакчаларынын абалы менен таанышып чыкты

Шаар башчысы Октябрь районундагы №148 жана №9-болдар бакчаларынын абалы менен таанышып чыкты.

 

№148-балдар бакчасы 1978-жылы пайдаланууга берилген жана 140 орунга эсептелген, учурда 350дөн ашуун бала тарбияланат.
 
Аталган балдар бакчасындагы негизги көйгөйлүү маселенин бири болуп – имараттын чатырынан суунун  тамышы саналат жана ага байланыштуу имараттын дубалдары ным тартып, көгөрө баштаган.
 
Шаар башчысы балдар бакчасын толук көрүп чыккандан кийин, бакчага тиешелүү аймактын көрктөндүрүлбөгөндүгү боюнча эскертүүсүн айтты.
“Мен шаардын баардык мектептеринде жана мектепке чейингки билим берүү мекемелеринде болуп жүрөм. Шаардагы балдар бакчаларында орун жетишпейт, ашыкча балдар кабыл алынат”,- деди И.Өмүркулов.
 
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын 79 балдар бакчаларында 27 миң бала тарбияланат, алардын долбоордук кубаттулугу 13 миң орунду түзөт. Мекемелер 48% балдарды камтыйт.
 
Балдар бакчалары ченемден эки эсе көп балдарды кабыл алышат, ошого байланыштуу калктын талаптарын канаттандыруу өз деңгээлинде эмес. Маселени чечүү үчүн дагы 50 балдар бакчаларын куруу зарыл.