ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде япон грантынын алкагында ашкана жабдуулары алмаштыруу иш-чаралары башталды

2013-жылдын 20-мартында Бишкек шаарынын мэриясы, Япония Өкмөтүнүн “Өсүмдүк тамырлары жана адамдын коопсуздугу” гранттык программасынын алкагындагы келишимге, Кыргызстандагы Япониянын Элчилиги менен кол койгон.

 

Аталган долбоордун өлчөмү 114 198 АКШ долларын түзүп, адистештирилген мектепке чейинки билим берүү жана көмөкчү жалпы билим берүү мекемелеринде тарбиялануучулардын жашоо, билим алуу шарттарын жакшыртууга багытталган. Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык тамактандыруу департаменти долбоордун демилгечиси болду.
 
Социалдык тамактандыруу департаментинин директору Р.Осмоналиев, “Шаардын мектепке чейинки билим берүү жана көмөкчү жалпы билим берүү мекемелеринин ашканаларындагы жабдуулар 20-30 жыл мурда орнотулуп, эскилиги жеткен, ошого байланыштуу ар кандай кыйынчылыктар түзүлүп келген. Шаардык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар жетишсиз болуп, департамент эл аралык уюмдарга жана демөөрчүлөргө маселенин чечилишине колдоо көрсөтүш үчүн кайрылып келген”,- деди.
 
Маселе боюнча Департаменттин адистери Бишкек шаарынын мекемелеринде алдын ала изилдөөлөрдү жүргүзүшүп, ашкана жабдууларын алмаштыруу зарыл экендигин белгилешкен. Колдоону Кыргыз Республикасындагы Япониянын Элчилиги көрсөттү.
 
Бүгүндөн баштап жабдуулар келе баштады жана жай айларынын ичинде толук аяктамакчы.
 
Жалпысынан ашкана жабдуулары 11 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү, 3 көмөкчү жалпы билим берүү мекемелерине коюлат.