ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов шаардын троллейбус паркына алынып келинген троллейбустардын абалы менен таанышып чыкты

Шаар башчысы Бишкек троллейбус башкармалыгына Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын насыя жана гранттык каражаттарына алынып келген троллейбустардын абалы менен таанышып чыкты.

 

Бишкек троллейбус башкармалыгына троллейбустар -  “Тролза” заводунан 44 бийик полдуу, “Трансальфа” заводунан 7 жапыз полдуу троллейбустар алынып келинген.
 
Жапыз полдуу троллейбустун баасы 161 миң АКШ долларын, бийик полдуу троллейбустун баасы 132 миң АКШ долларын түзөт. Троллейбустарды пайдалануу мөөнөтү 10 жыл. Азыркы учурда шаарда 5 жапыз полдуу троллейбус иштеп жатат.
 
Троллейбус паркына шаар башчысы менен бирге Кыргызстандагы Россиянын соода өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү да келишти.
 
Шаар мэри троллейбустардын техникалык абалын текшерип чыгуу үчүн курамына эксперттер жана адистер кирген эксперттик комиссия түзүүнү сунуштады.
 
Кыргызстандагы Россиянын соода өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү, шаардык Кеңештин депутаты Э.Докенов, ” Бишкекке алынып келинген троллейбустар  эски жана мурда иштетилген” деген билдирүүсүнө байланыштуу сотко кайрылгандыгын билдиришти.
 
Учурда шаарда калкты тейлөө боюнча 86 троллейбус иштеп жатат.