Баш калаанын Ленин районунда кароосуз калган балдарды аныктоо боюнча рейд өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 14.06.2013 15:11
Ленин райондук алминистрациясы тарабынан кароосуз калып, базарларда, соода түйүндөрүндө иштеген жана кайыр сураган балдарды аныктоо боюнча “Забота – Камкордук” рейди өткөрүлдү.
Рейд Ленин райондук Билим берүү борборунун, укук коргоо органдарынын жана үй-бүлөнү,балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Ош базарынын айланасында жүргүзүлдү.
Рейддин жүрүшүндө жашы жете элек, базарда иштеп жүрүшкөн 30 өспүрүм кармалды. Алардын ичинен: 24 бала КР ИИМнин балдарды калыптандыруу борборуна жөнөтүлдү, 6 бала менен профилактикалык иштер жүргүзүлдү, 4 бала ата-энелеринин колдоруна тапшырылды. Ал эми, 2 бала жашоо шарттары менен таанышуу максатында жашаган жерлерине даректери боюнча жиберилди.
Балдар Бишкек шаарына республиканын түштүк региондорунан келишкени белгиленет.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
09.12.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |