ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясынын Эл аспаптар оркестри Нарын облусунун эмгекчилерине концерт берет

“Күжүрмѳндүүлүк” жылынын алкагында Кыргыз Республикасынын эл артисти, дирижер Бакыт Тилегенов жетектеген Бишкек шаарынын мэриясынын Эл аспаптар оркестри жана солисттери: КР эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева, Улан Качкыналиев, Гульнара Ѳмүрзакова, Мунарбек Чобиев, Бактыгүл Бокоева жана белгилүү комузчу Руслан Жумабаев катышкан чоң программадагы концертти 2013-жылдын 16 -июнунан 27- июнуна чейин Нарын облусунун тургундарына тартуулайт.

 

Концерттик программа фольклордук, элдик жана дүйнѳлүк классикадагы чыгармаларды камтыйт.
 
Гастролдор КР Ѳкмѳтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Канат Муратбеков  жана Жумгал районунун акими Адыл Исагуловдун чакыруусу менен уюштурулуп  жатат.