ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Депутаттык комиссия шаар мэриясы тарабынан парк аймактарынан берилген жер тикелеринин мыйзамдуулугун текшерип чыкты

Учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын парламенттик комиссиясынын жыйыны өтүүдө.
 
Бул комиссия депутат Д.Тербишалиевдин демилгеси менен Бишкек шаарынын парктар аймагынан берилген жер тилкелеринин мыйзамдуулугун текшерүү максатында түзүлгөн.
 
Депутаттык комиссияны депутат Г.Скрипкина жетектеп, бүгүнкү жыйында комиссиянын аткарган иштери жөнүндө маалымат берди жана жыйынтыктарын чыгарды. Комиссиянын маалыматында, Ататүрк атындагы парктын жалпы аянты 107 га түзсө, бүгүнкү күндө 50,7 га түзөт.
 
Каражыгач багынын жалпы аянты 215,69 га болсо, учурда 129,56 га түзөт. Аталган бакта бактар кыйылып, жер тилкелери мыйзамсыз түрдө берилгендигин Г.Скрипкина белгиледи. Д.Асанов атындагы парктын аянты 43 га болсо, учрдагы аянты 33,92 га түзөт.
 
 “Д.Асанов атындагы паркка тиешелүү 10 га жерди мэрия жеке менчик турак-жай салуу үчүн бөлүштүргөн эмес, анткени ал жер эс алуу аймагына кирет”,- дейт вице-мэр Б.Дүйшөмбиев.
 
Ататүрк атындагы паркка тиешелүү жер тилкелери 1990-жылдан тартып жеке турак-жай салуу үчүн берилип келген. Мэрия тарабынан 2010-жылдын апрель айынан баштап жер тилкелери берилген эмес.
 

“Азыркы учурда парк аймактарына тиешелүү мыйзамсыз берилген жер тилкелерин кайтарып алуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө”,- деп кошумчалады вице-мэр.